Биз менен байланышыңыз

Эң көп киреше тапкан дүйнөлүк жазуучулар аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Дек 2019 | 678 | 0

Американын экономикалык-аналитикалык Forbes басылмасы жазуучулардын кирешесине байкоо жүргүзгөн.

Басылма тарабынан жарыяланган жазуучулардын жылдык кирешеси боюнча эң көп тапкандардын сап башында Жоан Роулинг турат. «Гарри Поттер» чыгармасынын автору, 54 жаштагы Роулинг быйыл, 2018-жылга салыштырмалуу эки эсе көп киреше тапкан. Ал 2018-жылы 45 миллион доллар киреше тапса, 2019-жылы 92 миллион долларга жеткен.

Экинчи орунга 70 миллион доллар каражат тапкан жазуучу Жеймс Паттерсон жайгашкан. “Президент жоголду” чыгармасы улуулар арасында бестселлерге айланган жазуучу 86 миллион доллар каражат тапкан.

АКШнын мурдагы ханайымы Мишель Обама алдыңкы үчтүктөн орун алган. Ал жолдошу, мурдагы президент Барак Обама экөө 2 китеп үчүн аванс катары 65 миллион доллар алган. Анын соңку бир жыл ичинде тапкан кирешеси 36 миллион долларга жеткен.


Forbes: Дүйнөдөгү таасирдүү аялдар рейтинги


Балдарга арналган чыгармалардын автору, жазуучу Жефф Кинни 20 миллион доллар кирешеси менен 4-орунда турат. Анын китеби 3,6 миллион нускада сатылган.

Ал эми белгилүү жазуучулардын бири Стивен Кинг бул ирет 17 миллион доллар каражат таап, алдыңкы үчтүктөн бешинчи катарга түшкөн. 2018-жылга салыштырмалуу жазуучу 10 миллион долларга аз киреше тапкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM