Биз менен байланышыңыз

Forbes: Дүйнөдөгү таасирдүү аялдар рейтинги

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Дек 2019 | 1419 | 0

Forbes басылмасы 2019-жылдагы эң таасирдүү 100 аялдын рейтингин жарыялады.

Германия канцлери Ангела Меркель Forbes журналы тарабынан дүйнөдөгү эң таасирдүү аял деп табылды. Немис саясатчысы 9-ирет катары менен бул тизменин сап башынан түшпөй келет. 65 жаштагы Меркель Германия канцлерин 2005-жылдан бери ээлеп турат. Бирок ал 2021-жылы боло турган шайлоодо катышпай тургандыгын билдирген.

Related image

Албетте жүздүк эсептин алдыңкы ондугун америкалык жана европалык аялдар ээлеген. Тизме аялдардын бизнес, технология, экономика, медиа, саясат, кайрымдуулук, ошондой эле, шоу тармактарындагы активдүүлүгү жана иш-аракеттерин эсепке алуу менен түзүлгөн.

Таасирдүү айымдардын арасынан экинчи орунда Европа Борбордук банкынын президенти, франциялык Кристин Лагард турса, үчүнчүлүктү АКШ Конгресси Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси ээлеген.

Related image

Image result for Нэнси Пелоси

Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен төртүнчү, General Motors ири унаа корпорациясынын директору Мэри Бара бешинчи орунда көрсөтүлгөн.

Related image

Related image

Улуу Британия ханышасы Елизавета II тизменин 40-сабында жайгашса, жакында эле «Time» журналы тарабынан «Жыл адамы» деп табылган швециялык экоактивист, окуучу Грета Тунберг жүздүктүн соңунан орун алган.

Related image

Image result for Грета Тунберг 

Эсиңиздерде болсо керек, экологиялык маселелерди көтөргөн Грета БУУнун саммитинде бийликте турган саясатчыларды сындап, элдер массалык өлүү алдында турганын айтып көзүнө жаш алган жайы бар.

— Мен азыр бул жакка чыгып сүйлөбөй, мектепте болушум, билим алышым керек болчу. Силер, куру убадаңар менен менин балалыгымды, менин кыялдарымды уурдадыңар. Силердин өзүмчүл саясатыңардын айынан эл массалык кыйроого учураганы турат. Канчалаган үй-бүлө турак-жайсыз, тамак-ашсыз жүрөт. Аалрды ойлогон эч ким жок. 

Forbes рейтингинин тарыхын карап көрсөк, 16 жаштагы Грета бул тизмеге кирген эң жаш өспүрүм болду. Ал эми тизменин эң улуусу 93 жаштагы ханыша Елизавета II.

Албетте таасирдүү аялдардын арасына атактуу ырчылар да кирбей калган жок. Алсак, Рианна, Бейонсе жана Тейлор Свифт 61, 66 жана 71-саптардан орун алган.

Рейтингге кирген аялдардын тең жарымы – түндүк америкалыктар болгон.

Эми өзүбүзгө жакын делген КМШ ичинен карай турган болсок, таасирдүү деп тизмеге кирген жалгыз орусиялык аял бар. Ал 53-сапта жайгашкан Орусия банкынын жетекчиси Эльвира Набиуллина.

Related image

Forbes журналынын вице-президенти Мойра Форбес, рейтингге дүйнөнүн эң күчтүү инноватор, аналитик болгон, лидер айымдары киргенин айтат. Алар салттык структуранын жайылуусуна кызмат кылып, өз тармактарында чоң таасирге ээ болгон аялдар экендигин белгилейт.

Маалыматтарга карасак, ушул 100 таасирдүү аялдардын байлыгы жалпы 2,3 триллион доллардан ашат экен. Алардын кол астында дүйнө боюнча 6,5 миллион кызматкер иштейт.

Copyright © 2017 Maral FM