Connect with us

«Мекен Ынтымагы» партиясы 2020-жылы өтүүчү парламенттик шайлоого катышат

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Окт 2019 | 1363 | 0

Бийлик системасы жеке кызыкчылыктын негизинде түптөлгөн. Баары ошол системанын ичинде жыйынтык көрсөтүүгө аракет кылат. Бирок система алмашпаса, бийликке ким келсе да, натыйжа болбойт. Мындай пикирин «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Системаны жөнөкөй пенде эч качан алдай албайт. Биз аны түшүнүп, бардык багытта коомдук кызыкчылыкты коргогон программма иштеп чыкканбыз. Бирок 2015-жылы жеке кызыкчылыктын негизинде түптөлгөн система аларга тоскоолдук жаратчу биздин сунуштарды кабыл албайт. Мындан улам биз өз программабызды ишке ашыруу үчүн 2020-жылы парламенттик шайлоого катышабыз», — дейт Асанбеков.

Асанбеков мамлекеттик кызыкчылыктын негизинде «Мекен ынтымагы» партиясынын кадр маслелесине көңүл буруп, жыйынтык көрсөтүүгө аракет кылган саясий уюмдар менен сүйлөшүүгө даяр экенин белгиледи.

Мындан сырткары, 2010-жылдан бери көп саясий ишмерлер бийликти сындоо багыты менен саясий упай чогултарын, бирок андай процесс эч качан жакшылык алып келбегенин эске салды.

Copyright © 2017 Maral FM