Биз менен байланышыңыз

Парламенттик шайлоодон кийин бириккен топтор эмне үчүн бөлүнүп кеткен?

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Фев 2021 | 1256 | 0

Ар бир адам иш баштаарда, анын жыйынтыгына жооп бериши керек. Саясий топтор саясий тирешүүгө бара турган болсо, каршы чыгуу үчүн гана оппозиция боло бербей, көйгөйдү чечүү багытын негиздеп, саясий эрктүүлүк көрсөтүү зарыл. Мындай пикирин «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын лидери Темирбек Асанбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, парламенттик шайлоодон кийин саясий топтор шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу багытында гана биригишкен. Бирок бийлик алардын талабын орундатарын күтүшкөн эмес.

Ал эми бийлик моралдык жактан өзүн жоготуп, мамлекеттүүлүк токтоп калды. Бир багыттагы программанын жоктугунан ар ким жеке саясий баалуулугун колдоп жатып, бийлик институттары иштебеген өлкөгө айландык.

«Биз өткөндөрдү эске алышыбыз керек. Кудай сактады, сырткы күчтөрдүн «жеми» болуп калган жокпуз, жарандык согуш болуп кеткен жок. Биз мындай каталарды кайталабашыбыз керек», — дейт Асанбеков.

«Үмүт» кыймылына бириккен саясий күчтөр

Copyright © 2017 Maral FM