Биз менен байланышыңыз

«Үмүт» кыймылына бириккен саясий күчтөр

Кыска кабар , Саясат | 28 Окт 2020 | 426 | 0

Бүгүн, 28-октябрда парламенттик кайра шайлоо маселеси боюнча бир катар талаптарды койгон коомдук-саясий күчтөр бир кыймылга бириккенин билдиришти. Алар бийликтен жана Жогорку Кеңештен шайлоону Башмыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөтүнөн кечиктирбей, таза, адилеттүү өткөрүп берүүнү жана Боршайкомго болгон кысымдарды токтотууну талап кылышты.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого катышкан «Реформа», «Мекен ынтымагы», «Бүтүн Кыргызстан», «Социал-демократтар» жана «Замандаш» партиялары, шайлоого катышпаган башка партиялар, бир катар коомдук кыймылдар шашылыш түрдө «Үмүт» кыймылы деп аталган саясий жана коомдук күчтөрдүн бирикмесин түзүшкөн.

«Мекен ынтымагы» партиясынын лидери Темирбек Асанбеков бүгүнкү күндө бир катар мыйзам бузуулар болуп жаткандыктан, андайга жол бербөө максатында ушул бирикмени түзүшкөнүн маалымдап, ал президенттин милдетин аткаруучуга жана Жогорку Кеңештин депутаттарына койгон талабын айтты.

— Саясий партиялардын бирикмеси биринчи кезекте, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдон жана Жогорку Кеңештин депутаттарынан биздин шайлоо укуктарыбызды кайтарып, 20-декабрга белгиленген шайлоону таза жана адилеттүү өткөрүп берүүсүн талап кылабыз, — деди Асанбеков.

«Үмүт» кыймылынын резолюциясына кирген талаптардын экинчиси, Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам долбоорун күчүнө киргизүү экенин «Социал-демократтар» партиясынын өкүлү Назгүл Жолдошева билдирди.

— Биз президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдон «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга  «Форма №2ни» жокко чыгарып, босого баллды 3 пайызга, шайлоо күрөөсүн 1 миллион сомго түшүргөн өзгөртүүлөрдү киргизген конституциялык мыйзамга кол коюуга чакырабыз, — дейт Жолдошева.

Ошондой эле бирикме Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилерин жоопко тартууну талап кылат. Кыймылдын айтымына караганда, аталган укук коргоо органдары өздөрүнүн мойнунда турган жоопкерчиликти БШКга жүктөп, аларды кылмыш жоопкерчилиги менен коркутуп жатышат.

Боршайкомго болгон кысымдар жана алардын ишмердүүлүгү жөнүндө «Реформа» саясий партиясынын өкүлү Чынарбек Шабдан уулу буларга токтолду:

— Үчүнчү талабыбыз: БШКга болуп жаткан кысым боюнча. Боршайком конституциялык орган, аларга укук коргоо органдары тараптан эч кандай басым болбошу керек. Биз муну талап кылабыз. Өткөн шайлоо процессинде БШКнын кандай иштегенин өз көзүбүз менен көрдүк, аларга кысым көрсөткөндү токтотуу керек.

Борбордук шайлоо комиссиясы 21-октябрда парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга дайындаган. Бирок Жогорку Кеңеш 22-октябрда мыйзам долбоорун карап, кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзамды бир нече сааттын ичинде кабыл алышкан. Бирок, юристтер депутаттардын мындай чечимин одоно мыйзам бузуу катары баалап, ар бир окуунун ортосу жок эле дегенде 10 күн болушу керектигин белгилешет.

«Реформа» саясий партиясы да парламенттин бул чечимине терс баа берип, алар кабыл алган мыйзам долбоорун жокко чыгарууну суранып, Жогорку соттун Конституциялык палатасына арыз менен кайрылган. Бул тууралуу аталган партиянын мүчөсү, укук коргоочу Рита Карасартова билдирди.

— «Реформа» саясий партиясы бул мыйзамдын Жогорку Кеңеш тарабынан регламентти, мыйзамдарды бузуу менен кабыл алынганын айтып, Жогорку соттун Конституциялык палатасына кайрылдык. Юристтердин айтымында, бийликти узурпациялоо болуп, элден сурабай, көптөгөн мыйзамдарды, мамлекеттик түзүлүштү, Башмыйзамды бузганга барганы жатышат. Ошого бөгөт коюуга мыйзамдуу түрдө бардык жолдорду колдонобуз, алардын бири — сотко кайрылуу, — дейт укук коргоочу.

Буга чейин Садыр Жапаров Боршайкомдун парламенттик кайра шайлоо жөнүндөгү чечимин төгүндөп, ал жалган маалымат деп чыккан. Президенттин милдетин аткаруучунун ою боюнча, депутаттарды кайра шайлоо 2021-жылдын июнь айынан кийин болсо, президенттик шайлоо БШКнын белгилегени боюнча 10-январда өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM