Биз менен байланышыңыз

«Конституциянын долбоорунда шашылыш кабыл алынган жагдайлар бар»

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Фев 2021 | 1121 | 0

Конституциянын жаңы долбоорунда айрым маселелер шашылыш кабыл алынган. Бул тууралуу «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын лидери Темирбек Асанбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Эң эле таң калыштуусу, президенттин аппарат башчысын аткаруу иштерине аралаштырып коюшкан. Тактап айтканда, кабыл алынуу алдында турган Конституция боюнча президенттин аппарат жетекчиси өкмөттү да башкарат. Кокус өкмөт башчы отставкага кетсе, президенттик аппараттын иши кошо токтоп калабы? Өкмөттүн башчысы — публикага чыккан саясий фигура. Анын социалдык, экономикалык маселелери бар, канчалаган токтомдорго кол коюлат, чет өлкөлөргө командировкага чыгат. Президенттин аппарат башчысы мындай иштерге физикалык жактан да жетишпейт. Анын уюштуруу иштери аксабашы керек. Өкмөт башчы отставкага кетсе да, президенттик аппараттын иши улана бериши керек», — дейт Асанбеков.

Анын айтымында, Башмыйзамдын жаңы долбоорунда ишке тоскоолдук жарата турган беренелерди референдумга чейин өзгөртүү керек. Болбосо мамлекеттик институттардын иштеп кетишине чоң залакасын тийгизет.

Саясий деңгээлде кабыл алынган туура эмес иштер ар бир жаранга түйшүк жаратат. Тышкы таасирди да, ички таасирди да, элдин каалоосун да эске алуу керек.

Copyright © 2017 Maral FM