Биз менен байланышыңыз

Садык Шер-Нияз: Бизде кызматка менеджерлер эмес, туугандар изделет

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Фев 2019 | 961 | 0

Театрлар Советтик принциптер менен иштеп жаткандыктан өнүгүү жок. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кинематография тармагына жыл сайын орточо эсеп менен 50 млн сом бөлүнсө, театрларды колдоо үчүн 300 млн сомдой акча каралат. Бирок үзгүлтүксүз колдоо, бекер жардамдар жалпы коомду деградацияга алып барат.

«Тилекке каршы, театрларда ушундай процесс бар. Башкача айтканда, кызматкерлер туруктуу маяна алып, жылуу жерде отурууга көнүп алышты. Бирок кинематографисттер анте албаса да аларда өсүү бар. Театрлар артка кетүүдө, себеби башкаруусу туура эмес. Анткени биз эски система менен иштеп жатабыз. СССР убагында баардык маселелерди бийлик чечет эле. Ал эми учурда мамлекет маданият, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана укук коргоо тармагындагы көйгөйлөрдү чече албай жатат. Бардык тармакта коррупция бар. Кымбат унаалар көп, бирок баардык жерде жол тыгындар бар. Демек, бир нерсе туура эмес болуп жатат. Мындай кырдаалда ийкемдүү болуп, коом менен иштешүү зарыл«, — дейт эл өкүлү.

Анын пикиринде, эгер туура кадамдар жасалса сырткы инвестицияга караганда ички инвестиция 10 эсеге жогору болот. Анткени бардык адамдар өз атына иштейт.

«Өлкө башчы мыкты менеджерге кайрылып “театр искуствосун көтөрүп бер, биз сенин атыңды кылымдар бою Кыргызстандын тарыхына калтыралы” деп суранса, чындыгында өнүгүү болот. Бирок менеджерлерди издешпейт. Бизде кызматка туугандарын, ыңгайлуу адамдарды издешет», — дейт Садык Шер-Нияз.

Copyright © 2017 Maral FM