Биз менен байланышыңыз

«Акыркы көч» тасмасы дагы бир эл аралык фестивалга катышат

Кыска кабар | 13 Дек 2021 | 377 | 0

«Акыркы көч» тасмасы «Москва премьерасы» III эл аралык кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Кинофестиваль 17-декабрдан 21-декабрга чейин Москва шаарында өтөт.

Быйылкы жылдын толук метраждуу жана кыска метраждуу тасмаларынын конкурстук программаларына Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Эстониянын тасмалары кирген.

«Акыркы көч» тасмасы Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» киностудиясында «Билимкана» коомдук фондунун демөөрчүлүгү менен тартылган.

«Москва премьерасы» фестивалы 2003-жылы түптөлгөн. 2019-жылдан тарта КМШга мүчө мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык фондунун колдоосу астында «эл аралык» макамын алган.

Фестивалдын милдети мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн кинематография тармагын өнүктүрүү болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM