Биз менен байланышыңыз

2019-жылдын эң мыкты тасмалары аныкталды

Кыска кабар | 22 Дек 2019 | 723 | 0

14 мамлекеттин киночулары чогулган «Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын мекени» аталышындагы IX эл аралык КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн кинофестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды.

Ага ылайык, Улуттук сынактын жеңүүчүлөрү:

Мыкты тасма: «Салт» (Традиция), режиссер Жанузак Мамытов;

Мыкты режиссердук иш: «Менин досум — менин душманым» (Друг мой – враг мой), режиссер Суйумкан Сулайманова;

Калыстар тобунун атайын сыйлыгы: «51+», режиссер Данияр Абиров;

Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү: «Туулган жер» (Родной край), режиссер Гульнара Айтмаматова, Азамат Асанбеков;

«Калыстар тобунун атайын эскерүүсү» диплому: «Полигон», режиссер Дмитрий Лужанский.

Эл аралык сынак боюнча:

Мыкты тасма: «Коллектив. Я», Латвия, режиссер Адриана Розе;

Мыкты режиссердук иш: «В радости и в только радости», Украина, режиссер Марина Рощина;

Калыстар тобунун атайын сыйлыгы: «Подсолнух», Кыргызстан, режиссер Чынгыз Сулумбеков;

Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү: «В темноте», Россия, режиссер Максим Капля.

Калыстар тобунун мүчөлөрү:

Актан Арым Кубат (Кыргызстан), Валерия Бондаренко (Орусия), Галия Байжанова (Казакстан) жана Далер Рахматов (Тажикстан) болду.

Бул жылы Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналган кинофестиваль 12-15-декабрь аралыгында, Бишкек шаарында өттү. Быйыл фестивалга 700дөн ашык билдирүү келип түшкөн. Алардын арасынан улуттук сынакка 17 атамекендик тасма, ал эми эл аралык сынакка 14 тасма тандалып алынган.

Кыска метраждуу тасмалардын кинофестивалы 2010-жылы Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген, ал алгач ирет 2011-жылы өткөрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM