Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Европа кинолорунун фестивалы өтөт

Көңүл ачуу , Кыска кабар | 16 Мар 2021 | 1657 | 0

22-марттан 28-мартка чейин Бишкек шаарында Европа кинолорунун фестивалы өтөт. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруп жаткан Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү маалымдады.

Фестивалда Еропа өлкөлөрүнүн даректүү, анимациялык жанрдагы толук метраждуу он бир жана кыска метраждуу сегиз тасмасы көрсөтүлөт. Көрүүчү табитине жараша тасманы тандап көрүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Тасмалар ар бири өз өлкөсүнүн тилинде тартууланып, орус жана англис тилдериндеги субтитрлер менен коштолот.

Copyright © 2017 Maral FM