Биз менен байланышыңыз

Каирде борбордук вокзалда өрт чыкты

Кыска кабар | 27 Фев 2019 | 514 | 0

Египеттин борбору Каирдеги Рамсис вокзалынын айланасында өрт катталды. Бул тууралуу Sky News Arabia телеканалы билдирди.

Борборду көздөй келе жаткан поезд жолдон чыгып кетип, катуу ылдамдык менен келип токтоочу платформаны сүзгөн. Кагылышуудан улам жарылуу болуп, өрт бат эле вокзалды каптаган.

Кырсыктын айынан, жетиден ашык адам каза болуп, 15тей киши жаракат алганы айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM