Биз менен байланышыңыз

Москвада көк бөрү өткөргөндөрдү жоопко тартуу талабы коюлууда

Кыска кабар | 27 Фев 2019 | 2644 | 1

24-февралда Москвада өткөн көк бөрү оюну жергиликтүүлөрдүн кыжырын кайнатты. Жаныбарларга аёосуз мамиле кылынды деген себеп менен уюштуруучуларды жоопко тартууну талап кылышууда.

Интернетте онлайн түрүндө кол чогултуу жүргүзүлүүдө. Оюн Москванын борбордук ипподромунда өткөнүн, мындай оюнга жол бергени үчүн ат майдандын жетекчилигине да чара көрүү талабы коюлган.

Көк бөрүдө аттарга аёосуз мамиле жасалып, ал москвалык балдарга терс таасир этери жазылган.

Кошумчалай кетсек, 24-февралда Кыргызстандан барган мигранттар Москванын борбордук ипподромунда көк бөрү оюнун өткөн. Ага 14 миңден ашык көрүүчү кирген.

 

1 пикир

1 пикир

  1. Барсбек

    27.02.2019 16:06

    Көк бөрү же улак оюну тээ атам замандан бери улуттук оюн катары ойнолуп келет эмеспи. Ким, кайсыл акмак бул улуттук оюнду токтоткусу келип жатат болду экен!Бул маселени көтөргөндүн өзүн жоопко тартуу керек!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM