Биз менен байланышыңыз

Жапаров Путин келгенде чечип алчу маселелерди айтты

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Фев 2019 | 959 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келгенде биринчиден, Жогорку Нарын ГЭС каскады боюнча маселелерди чечип алуу зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Путин келгенде газ боюнча маселелерди дагы чечиш керек. Анткени 1-2 жылдын ичинде Өзбекстан катуу өнүгүп, Кыргызстанга жырытылыш газын бере албай калат.

«Ошондуктан түштүк аймакты газ менен камсыз кылуу үчүн ири суммадагы каражат керек. Мындан улам алгач ири долбоорлорду бүтүрүп алуу зарыл. Ошондой эле «Дастан» ишканасын кайра ишкер киргизүү кажет. Аталган мекемеде 5 миңдей жумушчу иштейт эле. Биз грант, насыяларга үмүт арта бербей, мурдагы заводдорду ишке киргизсек жакшы болмок», — дейт Жапаров.

Ал буга кошумча, Путиндин Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында ири көлөмдө грант берери боюнча эч кандай маалымат уга электигин белгиледи.

Эске салсак, ушул жылдын март айында Путиндин Кырызстанга мамлекеттик визит менен келери күтүлүп жатат.

Путин мамлекеттик визити менен Кыргызстанга келет

Copyright © 2017 Maral FM