Биз менен байланышыңыз

Путин мамлекеттик визити менен Кыргызстанга келет

Кыска кабар | 23 Янв 2019 | 567 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президентик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Аны президент Сооронбай Жээнбеков чакырган жана сапар март айынын аяк чендерине белгиленүүдө.

Сыдыковдун айтымында, өткөн жылы сентябрда Тажикстанда болгон КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында Жээнбеков Путинди Кыргызстанга расмий түрдө чакырган. Ошондон бери уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө.

3-4-февралда Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров расмий визит менен Кыргызстанга келерин кабарлады. Анда Путиндин сапары боюнча талкуулар жүрөрүн айтты.

Мамлекеттик сапардын алкагында кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 21-отуруму жана эки тараптын бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда аймактар аралык конференция орун алат. Ага 500 ишкердин катышары күтүлүүдө. Кыргызстанда алгачкы жолу эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форуму өтмөкчү. Анын жыйынтыгында тараптар келишимдерге кол коюшат,”-деди Сыдыков.

Эки тараптуу жолугушууда президенттер соода-экономикалык кызматташтык, аймактардагы коопсуздук, Кыргызстандагы инфраструктуралык курулуштар тармагындагы долбоорлор жана Орусиядагы кыргыз мигранттары тууралуу да сүйлөшүү болорун айтты.

Мамлекеттик визиттин соңунда аскердик, экономикалык жана укук коргоо, аймактык кызматташуулар тууралуу 15 документке кол коюлат.

Copyright © 2017 Maral FM