Биз менен байланышыңыз

АКШнын өкүлдөр палатасы президент Трамптын жарлыгын четке какты

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Фев 2019 | 740 | 0

АКШнын презденти Дональд Трамптын чукул кырдаал киргизүү боюнча жарлыгы өкүлдөр Палатасы тарабынан колдоо тапкан жок.

Шейшембинин кечинде болгон добуш берүүнүн жыйынтыгында Палатанын 245 мүчөсү президенттин чечимине каршы добуш берген. Ал эми 182си колдогон. Өкүлдөр палатасында АКШнын Демократиялык партиясынын, Трампка оппозициячылдар басымдуулук кылат.

Трамп 15-февралда өлкө чек арасында чукул кырдаал киргизилгенин жар салып, конгресстин чечимисиз эле Мексика менен чек арага тосмолорду куруу үчүн 6,4 миллиард доллар каражатты пайдаланууну көздөгөн.

Конституция боюнча конгресс бюджеттен каралган бардык чыгымдарды бекитиши керек. Президент бул кадамды кылмыштуулукка жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү үчүн зарыл деп түшүндүргөн.

Процетурага ылайык резолюциянын долбоору эми Трамптын жактоочулары көпчүлүктү түзгөн сенаттын кароосуна коюлат.

Copyright © 2017 Maral FM