Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан казак лидерин таарынтпоого аракет кылышы керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Фев 2019 | 659 | 0

Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай “Марал” радиосуна берген маегинде Кыргызстан казак лидери Нурсултан Назарбаевди таарынтып албоого аракет кылышы зарыл экенин билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Казакстандын өлкө башчыларынын ортосунда түшүнбөстүктөр болуп кетсе, эки өлкөнүн алакасына терс таасир берет.

“Казакстан Кыргызстанга басымдык кылат, тагыраагы, биз транзитте Казакстан аркылуу өтөбүз. Мындан улам Назарбаевди угушубуз керек», — дейт Тажыбай.

Ал буга кошумча, Казакстандын отставкага кеткен өкмөтү боюнча маселеге токтолду.

«Тоталитардык мамлекеттерде өкмөт оставкага кеткен көрүнүш боло берет. Орусиянын экономикасы жабыр тартып, анын артынан Казакстан дагы бара жатат. Казакстан келечекте Орусиядан ишеним артпоо зарыл деп, алардан чектелип, Батыш тарапты карап жатат. Өлкөдө экомномикалык өзгөрүүлөр болуп кетиши мүмкүн. Казакстанда жемкорлук Кыргызстандан дагы күчөгөн. Региондорун карасаң, бизден дагы начар жашайт, аймактардын баары тең эмес. Казакстан өзгөчө саясат жүргүзүшү үчүн авторитардык система жол бербейт. Бүгүн келген жаңы өкмөт башчыны эртең кайра алып салышы мүмкүн», — дейт Тажыбай.

Copyright © 2017 Maral FM