Биз менен байланышыңыз

Кубан Абдымен: АКШнын акчаларды кайтарып жатканы — саясий чоң белги

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Фев 2019 | 1185 | 0

Медиаэксперт Кубан Абдымен “Марал” радиосуна берген маегинде Кыргызстандан Америкага чыгып кеткен 4,6 млн доллар коңшу өлкөлөрдөн чыгарылып кеткен каражаттарга салыштырмалуу аз экенин билдирди.

Ал буга мисал катары Өзбекстандын экс-президенти Ислам Каримовдун кызы Гульнара Каримованын иштери боюнча  милларддаган акчалар Европада чечүүсүз бойдон турганын айтты.

«Чечилгендери дагы Өзбекстанга кайтарылгын эмес. Алар Европанын мамлкеттерине берилген. Ал эми Америкадан кенедей көлөмдөгү долларды алууну мисал келтирүү абдан кыйын. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан чыгып кеткен акчаларын АКШдан алып жатканы таң калтырбай койбойт», — дейт Кубан Абдымен.

Ал белгилегендей, Кыргызстан Америка кайтара турган 4,6 млн долларды аз деп каражаттын көлөмүнө жараша мамиле кылбашы керек. Американын бул мамилесин чоң маанидеги биринчи кадам катары карап, тарыхый нерсе экенин унутпоо зарыл.

«Бизге мамлекеттин бюджеттеги дефициттин бир бөлүгүн жаба турган акча келип жатат. Биз чечилүүчү маселелерге кетүүчү каражаттарды сарамжалдуу пайдаланабыз. Саясий болбосо дагы экономикалык чоң жүрүш болуп жатат. АКШ  өзүнүн кызыкчылыгын биринчи орунга коёт. Бирок ошентсе да бизге колдоо кылып жатканы — саясий чоң белги», — дейт Кубан Абдымен.

Эске салсак, Бакиевдин учурунда уурдалган активдердин 4,6 миллион доллары Кыргызстанга кайтарылып бериле турган болгон. Бул боюнча 25-февралда Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева менен АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча биринчи орун басары Элис Уеллс келишимге кол койгон.

Copyright © 2017 Maral FM