Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын карызы 4,5 млрд долларга жакын

Кыска кабар | 22 Фев 2019 | 487 | 0

Кыргызстандын карызынын өлчөмү 4 млрд 464, 35 млн АКШ долларын түздү. Өткөн жылдын 31-декабрына алынган маалымат боюнча бул сумма 311 млрд 834,67 млн сомго барабар.

Финансы министрлигинин кабарлашынча, анын ичинен тышкы карыз 3 млрд 825,75 млн АКШ доллар же болбосо 267 млрд 228,64 млн сом. Ички карыз 44 млрд 606,03 млн сомду түзгөн.

Алдын ала божомол боюнча мамлекеттин жалпы карызы Ички дүң өнүмдүн 56 пайызын түзөт.

Эң көп карыз Кытайдын Инэксимбанкына экендигин да жазылып, анын көлөмү 1 млрд 719 млн 380 миң АКШ доллары экендиги да көрсөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM