Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков “Өндүрүштүк комплекстин” ишмердүүлүгүнө оң баа берди

Кыска кабар | 20 Фев 2019 | 465 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Кадамжай районунун Караван айылындагы №8 лицейдин алдындагы “Өндүрүштүк комплекске” барды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы комплекстин ишмердүүлүгү менен таанышып, эмгек рыногу талап кылган адистерди даярдоо зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле учурда өлкө айыл чарба жана кайра иштетүү тармагындагы адистерге муктаж экендигин кошумчалады.

Жээнбеков практикалык жол менен механик адистерин даярдап жаткан “Өндүрүштүк комплекстин” ишмердүүлүгүнө оң баа берди.

Copyright © 2017 Maral FM