Биз менен байланышыңыз

АКШ Түркияга «Patriot» куралын сатпайт

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Фев 2019 | 554 | 0

Түркиянын америкалык «Patriot» зениттик-ракеталык комплекситерин(ЗРК) сатып алуу сунушуна АКШ тараптын койгон шарттары Анкараны канааттандырган жок. Анткен менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Риа новости Түркиянын коопсуздук өндүрүш тармагынын жетекчиси Исмаил Демирдин маалыматына таянып жазды.

Түркиялык «Yeni safak» басылмасынын айрым расмий булактарга таянып жазганына караганда Америка түрк тараптын Орусиянын жаңы моделдеги С-400  ЗРКсин сатып алуудан баш тартуусун талап кылууда.

Ал эми түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган эки өлкөнүн тең ракеталык куралдарын сатып аларын, алар бири-бирине тоскоол болбосун айткан.

«АКШ биздин эки шартыбызды аткара албай жатат: биринчиси-орток өндүрүш курууну; экинчиси-кредит берүүнү»,-деген ал.

Эске салсак, Түркиянын АКШдан курал сатып алуу сунушуна 1,5 жылдан кийин гана жооп келип, ал бир катар шарттар менен коштолгону айтылууда. Анкара «Patriot» ЗРК сатып алууга 3,5 миллиард доллар бөлөрүн маалымдаган.

Copyright © 2017 Maral FM