Биз менен байланышыңыз

Саясатташкан Лондон мода жумалыгы

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Фев 2019 | 766 | 0

Лондон мода жумалыгы кечээ аяктап, ал бул сапар өзгөчө саясаты менен эсте калды. Бул тууралуу европалык басылмалар жазууда.

Дүйнөдөгү эң ири төрт мода аянтчасынын бири болгон Лондон жумалыгынын бул жолку өзгөчөлүктөрүнөн бири- ал саясий чакырыктар менен коштолду. Тактап айтканда, британ модасынын анабашы Вивьен Вествуддун көргөзмөсү «Суйлөөк адам» деп аталып, манекендер «Брексит», климаттык өзгөрүү тууралуу чакырыктарды айтышты. Ал эми алардын кийимдери жалаң гана саясий чакырыктар менен чиймеленип, боёлгон.

Дагы бир жаңылыгы-жумалык аңтерилерди колдонуудан толук баш тартты.

Мындан сырткары футболчу Дэвид Бэкхэмдин жубайы, атактуу ырчы жана модель Виктория Бэкхэм өзү дизайнерлик кылган мода үйүнүн көргөзмөсүн жасады.

Эске салсак, Лондондон башка Нью-Йорк, Милан жана Париж мода аянтчаларында февраль, март айларында мода жумалыктары башталат. Ага катышуу, жумуш табуу үчүн жүздөгөн моделдер жана дизайнерлер дүйнөнүн булуң-бурчунан агылышат.

 

Copyright © 2017 Maral FM