Биз менен байланышыңыз

Бишкекте мода жумалыгы болуп өттү

Кыска кабар | 7 Дек 2021 | 454 | 0

Бишкекте Fashion Week-21 Kyrgyzstan мода жумалыгы болуп өттү. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттиги жазды.

Кыргызстан дизайнерлер бирикмеси уюштурган жумалыкка үйрөнчүк жана чебер дизайнерлер, студиялар, мода жана сулуулук өндүрүшүндөгү компаниялар катышты.

Жумалыктын алкагында жаш дизайнерлердин Next Fashion сынагы өтүп, ага 7 номинация боюнча 22 топтом сунушталды. Орусиянын, Казакстандын жана Кыргызстандын атактуу дизайнерлеринен турган калыстар тобу катышуучулардын эмгектерине баа берип, «Автордук эмгек» номинациясын Нурбек Кадыркуловдун NE ON топтому, «Өндүрүштүк табылга» номинациясын Малика Ташполотованын LiveOn Motion топтому утуп алды.

Сынактын жыйынтыгы шоу-кечеде чыгарылып, жеңүүчүлөр атайын сыйлыктарга ээ болушту. Салтанаттын алкагында топтомдордун көргөзмөсү да уюштурулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM