Биз менен байланышыңыз

«Burberry» мода үйү жемпири үчүн кечирим сурады

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Фев 2019 | 789 | 0

Британиялык атактуу «Burberry» мода үйү жаңы көрсөтмөгө койгон жемпири үчүн коомчулуктан кечирим сурады. Бул тууралуу BBC жазды.

Маалыматка  ылайык, аталган мода үйү үстүбүздөгү апта Лондондо өткөн мода жумалыгында жаңы үлгүдөгү капюшону бар толстовканы чыгарган. Бирок анын капюшонунан түшүп турган жиби социалдык желенин колдонуучуларынын нааразылыгын жаратты. Алар аны дарга асылган адамдын элесин чагылдырып, суицидке үндөп турганын айтып чыгышкан.

«Өз өмүрүнө кол салуу-мода эмес!», «Рикардо Тиши, кантип адамдын моюнуна асылып турган асма арканды көрсөтмөгө чыгарасыңар?!» сыяктуу сындар байма-бай жаады.

Мунун артынан «Burberry» мода үйүнүн директору Рикардо Тиши жана аткаруучу директор Марко Гобетти кечирим сурашты. Алар аталган кийимди чыгарууда суицид тууралуу ойлобогонун, эми мындан сабак аларын билдиришти.

Эске салсак, январь айынын соңунда Gucci компаниясы да кара терилүүлөрдү кемсинтүүнү чагылдырат делген «blackface» жемпирлери үчүн кечирим сурап, сатыктан алып салууга аргасыз болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM