Биз менен байланышыңыз

GUCCI чуулгандуу жемперин сатыктан алып салды

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 854 | 0

Мода индустриясынын лөктөрүнүн бири  GUCCI компаниясы коомчулуктун нааразылыгын жараткан жемперлерин сатыктан алып салды. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазышты.

Аталган жемпер лыжа тебүүгө ылайыкталып, кара түстөгү жакасы бетти жарымына чейинжаап, ооз үчүн ачык жери чоң эрин формасында жасалгаланган. Бул кара терилүү афроамерикалыктарды шылдыңдоо катары бааланып, расизмге айыпталууда. GUCCIнин бул өндүрүмү 890 долларга бааланып, сатылып жаткан.

Коомдук желелердин колдонуучулары муну атайын, биле туруп жасалган чагымчылык деп баалашууда.

«Килейген компаниянын кызматкерлери, дизайнерлери бирөө да мунун кара терилүүлөргө карата шылдың катары кабыл алынарын ойлобогонуна ишенбейм», «Элдин муну кандай кабыл аларын билип туруп эле жасашкан» деген сыяктуу пикирлер жаады.

Эске салсак, мода тармагында мындай айыптоолорго дуушар болгон бренддер көп эле кездешет. Айрым элдерди же коомдук катмардын өзгөчөлүгүн баса көрсөткөн сүрөт же рекламалык роликтер коомчулуктун сынынан соң артка кайтарылышат.

Copyright © 2017 Maral FM