Биз менен байланышыңыз

Жазында кандай кийимдер мода болот?

Коом | 8 Мар 2019 | 1476 | 0

Баардык аялзаты мода болгон кийимди кийүүгө аракет кылат. Бирок бул багыт күн санап өзгөрүп, адамдан изденүүнү талап кылары талашсыз. Ошол сыңары 2019-жылы айымдарга кандай кийимдер сунушталары туурасында сөз кылабыз.

Жаз мезгилинин келиши менен айлана көрккө бөлөнө баштаганы айтпаса деле байкалып турат. Ар бир айдын өзүнө ылайыктуу кийимдери кийилип, аны менен катар мода дагы эске алынат. 2019-жылдын жаз айында кандай кийимдер, өңдөр актуалдуу деген суроону стилист, дизайнер Замира Молдошевага узаттык.

-2019-жылдын жазында төрт өң мода. Кара, кызыл, боз жана ак. Ушул төрт өңдөргө басым жасалат. Бул түстөрдүн арасынан боз менен ак өңү бири-бирине жакшы отуруп, адамды ачып коёт. Ал эми кийимдерге кайрылсак, 70-жылдарда мода болгон, ийиндери чоң, төрт топчу, алты топчу таккан кийимдер кайрадан модага келди. Бирок адам өзүнө жарашыктуу кийинип алса эле ошол нерсе мода десем болот.

Анткен менен, борбордо жашап жаткан айымдар жарашыктуу, ыңгайлуу кийимдерди тандап киерин айтышты. Бирок арасында жыл сайын түстөрдүн актуалдуулугун, кийимдердин модасы тууралуу кабары бар да жаштарды кезиктире алдык.

-Модага маани берчү эмесмин. Бирок студент болгондон кийин саркеч кийимдерди издеп калат экен адам. Интернеттен карап, моданы кууп калдым.

-Мага жарашыктуу эле болсо болду. Кийип кете берем.

-Классикалык кийимдерине жакынмын. Спорттук кийимдерди анда санда эле кийбесем, көбүн эсе ак көйнөк, кара шым кием.

-Мен модага аябай маани берем. Мисалы былтыр кара жана сары өң актуалдуу болгон. Быйыл күрөң, ак болот.

Кыргыз шоу-бизнесинде мода абдан актуалдуу. Ар биринин өзүнчө стили болуп, айырмаланып туруусу шарт. Жаш ырчылардын катарын толуктаган Айдана Дека мурун модага жараша кийинип, ачык өңдөргө басым жасаса, азыр тескерисинче болуп калганын жашырбайт.

Мен мода куубайм. Бирок коомчулук мени негедир ошондой кабыл алышат. Учурда мен ачык өңдөрдө алыстап, көздүн жоосун алган жалтырактардан качып жатам. Себеби чектөөлөрдү киргизип жатам десем болот. Ар бир адам өзүнө жарашыктуу, жаккан кийимдерди кийсе эле заманбап болуп чыга келет десем жаңылышпайм.

Айта кетсек, быйыл жаз жана жай мезгилинде түгөйлүү бут кийимдер мода болот. Аны менен катар ачык, өзгөчө кооздукка ээ болгон туфли, сандалдар сатыкта сап башында болору талашсыз дешет дүйнөлүк стилисттер.

Copyright © 2017 Maral FM