Биз менен байланышыңыз

Бостондо Авраам Линкольндун айкели алынат

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июл 2020 | 870 | 0

Бостон бийлиги шаардын борборундагы паркта орнотулган АКШнын 16-президенти Авраам Линкольндун эстелигин алып салуу чеимин кабыл алды. Авраам Линкольндун бийлик жүргүзгөн учурунда тизе бүккөн афроамерикалыктардан кулчулук алынып салынган.

«Бүгүн Бостондун көркөм комиссиясы Park Squareдагы Эмансипация мемориалынан колодон жасалган көркөм буюмдардын баарын алып салуу үчүн добуш беришкен”, — деп айтылат комиссиянын билдирүүсүндө.

Бул экспозицияда Аврам Линкольндун сынган кишенин кармап, тизелеп турган кара түстөгү кишинин жанында колун көтөрүп турган элеси чагылдырылган. Эстеликтин качан алынарынын так датасы аныктала элек. Комиссия эстеликти башка көрүнүктүү жерге которуунун мүмкүнчүлүктөрүн да карап көрүүнү сунуштады.

Бир катар айкелдер бийликтин чечими менен Миннеаполисте афроамерикалык Жорж Флойддун полициялар тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин массалык нааразычылыктар пайда болгондон баштап алына баштаган.

Бул окуя АКШда болуп өткөн жарандык согуш учурундагы кул ээлөөчү Түштүктүн генералдары жана жоокерлерине да тийиштүү болгон. Ошондой эле, Американы алгачкылардан болуп ачкан Христофор Колумбдун айкелин да алып салуу чечими кабыл алынган. Солчул активисттер Колумбду Американын жергиликтүү калкын кырып, геноцид кылган деп күнөөлөшөт.

Ал эми АКШнын 16-президенти болгон Авраам Линкольн өлкөдө кулчулукту жойгон. Линкольн кол койгон указ боюнча 1862-жылдан баштап АКШнын аймагында кулчулук жоюлган. Бул документ 1863-жылкы кулдарды бошотуу боюнча прокламация менен бекитилген. Ал ошондой эле АКШнын Конституциясына эки жылдан кийин күчүнө кирген кулчулукту жоюу тууралуу 13-өзгөртүүгө кол койгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM