Биз менен байланышыңыз

Өзгөчө кырдаал: 16 штат Трампты сотко берди

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Фев 2019 | 573 | 0

АКШнын Калифорния, Нью-Йорк баш болгон 16 штаты президент Дональд Трамптын үстүнөн арызданып, Калифорния аймактык сотуна кайрылышты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, алар өткөн апта өлкө боюнча Өзгөчө кырдаал киргизген Трампты «ыйгарым укуктарын зыяндуу ишке колдонууда» деп айыпташууда.

«Ыйгарым укуктарын маанисиз иштерге колдонуусуна тоскоол болуу үчүн аны сотко бердик. Жарандарыбыздын келечек муун үчүн берген салыктарын өз кызыкчылыгына ылайык төгүп-чачуусуна каршыбыз. Көпчүлүгүбүз үчүн Ак үй-театр эмес!»,-деп билдирди Калифорниянын башкы прокурору Хавиер Бекерра.

Эске салсак, парламент Трамптын Мексика менен чек арасына дубал куруу үчүн мамлекеттик бюджеттен бөлүүнү сураган 5,7 млрд доллар каражатын бербеген соң, ал ыйгарым укугун пайдаланып, Өзгөчө кырдаал жарыялаган. Эми кырдаал боюнча дубалга мамлекеттик коргонууга бөлүнчү бюджеттен керектүү сумманы бөлүүнү көздөөдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM