Биз менен байланышыңыз

Кытай космосто электр станциясын курат

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Фев 2019 | 679 | 0

Кытай космосто электр станциясын курууну баштады. Ал күндүн табын иштеп, лазер нурлары аркылуу Жерге берип турат. Бул тууралуу BBC жазды.

Маалыматка ылайык, Кытайдын Чунцин провинциясында лазер нурларын кабыл алуучу эксперименталдык базанын курулушу башталды.

Алгачкы станцияны жакынкы убакытта, 2021-2025-жыл арасында стратосферага учуруу пландалууда.

Аталган долбоорду Кытайдын Космикалык технологиялар академиясы ишке ашырууда. Ал өткөн айда Айдын арткы бетине «Чанъэ 4» аппаратын ийгиликтүү кондурган болчу.

Пекин бул жылы космикалык программага мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард доллар бөлгөн. Дүйнөдө АКШ гана бул тармакка мындан көп каражат бөлөт.

Эске салсак, космосто электр станциясын куруу планы Калифорния университетинде каралып, өткөн жылы анын болжолдуу аппаратын жасашкан.

Copyright © 2017 Maral FM