Биз менен байланышыңыз

Украина АКШда орус фильмин көрсөтпөөнү суранды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Фев 2019 | 638 | 0

Киев Америкадан орусиялык «Т-34» фильминин прокатын кайра кайтарууну, аны АКШда көрсөтпөөнү суранды. Бул тууралуу Украинанын Тышкы иштер министрлигинин расмий порталында жарыяланган.

Анда аталган фильм Орусиянын учурдагы Украина курмандыгы болгон агрессиясын ачык жарыялап, Экинчи дүйнөлүк согуштун жалпы баатырларынын аброюн өз кылыкчылыгына колдонору айтылган.

Ошондой эле дипмиссия АКШда жашаган украиналыктарга өз шаарчаларында фильмдин көрсөтүлүүсүнө тоскоолдук кылганы үчүн ыраазычылыгын билдирген. Ушундай эле кадамдарды бардык шаарлардагы украиналыктардан күтөрүн айткан министрлик аталган фильм көрсөтүлө турган америкалык кинотеатрлардын тизмесин жарыялаган.

Эске салсак, «Т-34» Улуу Ата Мекендик согушта туткунга түшкөн советтик жоокердин баянын чагылдырган көркөм фильм. Анын бет ачары 1-январда болуп, Орусиянын тарыхында прокаттын коптүгү боюнча экинчи орунга чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM