Биз менен байланышыңыз

Адам уурдоо жана акча талап кылууга шектелген жаран кармалды

Кыска кабар | 18 Фев 2019 | 611 | 0

Ички иштер министирлигинин милиция кызматкерлери тарабынан адам уурдоо жана опузалап акча талап кылууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

12-февралда Жалал-Абад шаарынан Сузак районунун 28 жаштагы тургунун уурдап, бир аз убакыт өткөндөн кийин кылмышкерлер туугандарына чалышып, 20 000 доллар талап кылышкандыгы боюнча милицияга арыз түшкөн.

Болжолдуу маалымат боюнча белгисиз жарандар Сузак районунун жашоочусун алдоо жолу менен көчөгө чыгарышып, сабашып, автоунаага салып кетишкен. Жабырлануучунун досу жардам берүүгө аракет кылганда аны дагы сабышып, уюлдук телефонун тартып алышкан. Күбөлөр тарабынан көрсөтүлгөн “Хонда Фит” үлгүсүндөгү автоунаанын мамлекеттик номурун текшерүүдө уурдалган болуп чыккан.

13-февралда 23:00 чамасында Бишкектин кичи райондорунун биринде батирде жардам берүүгө чакырган үн тууралуу “102” кызматына кабар келип түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери ыкчам барып, батирде барымтага алынган эркек адам бар экендигин аныкташкан. Төрт кылмышкер барымтага алышкан адамды байлаган бойдон таштап коюшкан. Жабырлануучу колун бошотуп, жардам сурай баштаган.

Аталган ишке байланыштуу териштирүү иштери жүргүзүлүп, кылмышкерлердин маршруттук каттамдар боюнча багыттары изилденип, аталган мыйзамсыз ишке тиешеси бар деп Өзгөн районунун 1998-жылы туулган З.Б. аттуу тургуну кармалган. Ал буга чейин Орусияда соттолуп, кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Учурда адамды уурдоо жана опузулап талап кылууга шектелген дагы үч жаранды кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM