Биз менен байланышыңыз

Алтын уурдап, Өзбекстанга өтүүгө аракет кылган жарандар кармалды

Кыска кабар | 18 Фев 2019 | 539 | 0

Жалал-Абаддагы соода борборунан алтын уурдаган жарандар Өзбекстандын аймагына өтүүгө аракет кылган жерде кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлайт.

Бажы кызматы жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери алтын уурдаган жарандарды эки саат ичинде колго түшүргөн. 5 жаран Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы «Маданият» чек ара бекетинен өтүп бара жаткан жеринен кармалган. Алар Жалал-Абад шаарындагы борбордук дүкөндөн алтын уурдаган деп шектелип, издөөгө алынганы аныкталган.

Колго түшкөн жарандар облустук милицияга өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM