Биз менен байланышыңыз

Москвада өзбекстандыктар мушташып, экөө каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Фев 2019 | 756 | 0

Өткөн жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү Москвадагы Волгоград проспектисинде болгон массалык мушташтан эки адам каза тапты. Бул тууралуу Centralasian сайты жазды.

Тергөөнүн версиясына караганда, уруштун чыгышына машине жуучу комплексте иштеген жумушчулар ортосунда башталган чыр себеп болгон.

Маалымат каражаттары мушташка 10го чукул адам катышканын, алардын баары өзбекстандыктар экенин жазышты.

Эске салсак, ушул эле апта ичинде Печатники районундагы «Неолит» кафесинин жанында 50дөй киши катышкан уруш катталганын «МК» басылмасы жазды. Гезит өз булактарына таянып кабарлагандай, бул мушташтын чыгышына азербайжандыктар менен чечендердин ортосундагы этникалык себептерден улам уланып келаткан чыр себеп болгон. Уруш учурунда ок жаңырып, кафенин ичи жана кожоюнунун автоунаасы талкаланган. Төрт адам жаракат алганы он эки киши кармалганы маалымдалган.

Copyright © 2017 Maral FM