Биз менен байланышыңыз

Польша Израилге «таарынды»

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Фев 2019 | 739 | 0

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий Израилге болчу сапарынан баш тартты. Буга Израилдин лидери Буньямин Натеньяхунун Холокост окуясында Польша фашисттерге өнөктөш болгондугу тууралуу пикири себеп болду. Ошондой эле ал Польшаны фашисттик иштерге ортоктош болууга айыптагандар үчүн киргизилген мыйзамды да сындаган.

Немец басылмаларында Натеньяхунун сөздөрү жарыялангандан кийин Польшанын өкмөт башчысы Иерусалимде өтө турчу Польша, Венгрия, Чехия жана Словакиядан турган Вышеград төрттүгүнүн саммитине Варшавадан эч ким барбасын билдирген.

Мамлекеттик басылмалар Натеньяхунун сөзүнө өзгөртүү киргизип, кечирим сураган менен Польша бийлиги созүнөн кайткан жок.

Эске салсак, 1933-1945-жылдар арасында Гитлердин саясаты менен жөөттөргө каршы кыргын орун алып, натыйжада миллиондогон жөөттөр кырылган. Буга Израиль польшалыктардын да катышы бардыгын айтып келет. Польша болсо аны Экинчи дүйнөлүк согушта фашисттик иштерге айыптагандар үчүн үч жылдык абак жазасына чейин жоопкерчиликке тартчу мыйзам кабыл алган.

Copyright © 2017 Maral FM