Биз менен байланышыңыз

Эвересттин түндүк базасы таштандыдан улам убактылуу жабылды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Фев 2019 | 467 | 0

Кытай Эверест тоосунун түндүк тарабындагы туристтик лагерин белгисиз мөөнөткө чейин жапты. Өлкө бийлигинин мындай чечимине лагердин тегерегинин таштандыга толуп кеткендиги себеп болгон.

Туристтер деңиз деңгээлинен 4980 метр бийиктикте жайгашкан, лагердин ылый жагындагы Ронгбук аймагына чейин гана чыга алышат.

Эверестти көргүсү келген көпчүлүк туристтер тоонун Пепал тарабындагы түштүк лагерине барышат. Бирок акыркы учурда Кытай тараптан келгендердин да саны өсүүдө.

Тоодогу таштанды көйгөйү көп жылдан бери эле чечилбей келүүдө.

2014-жылдан тарта Непалдын Туризм жана жарандык авиация министрлигинин токтомуна ылайык, тоого чыккан ар бир турист өз таштандысын алып түшүүгө милдеттендирилген.

Кытайдын альпинизм ассоциациясынын маалыматына ылайык, 2015-жылы түндүк базага 40 миң турист келген.

Copyright © 2017 Maral FM