Биз менен байланышыңыз

Индия Пакистандан келчү товарлардын бажы төлөмүн 200%га көбөйттү

Дүйнө | 17 Фев 2019 | 499 | 0

Индия Пакистандан келе турган товарлар үчүн бажы төлөмүн 200 пайызга чейин кымбаттатты. Анткени Жамму жана Кашмирдеги жардырууга Нью-Дели Пакистан тарапты айыптоодо. Бул тууралуу Индиянын Финансы министри Арун Джейтли өзүнүн твиттердеги баракчасына жазды.

The Indian Express гезити белгилегендей, Индияга Пакистандан мөмө-жемиштин бир канча түрү жана цемент алып келинип турган. Андагы бажы төлөмү 30-50 пайызга жеткен.

Өткөн жылы эки өлкө ортосундагы соода алмашуунун көлөмү 2,4 млрд долларды түзгөн.

Эскертке кетсек, 14-февралда Жамму жана Кашмир аймагында жан кечти куралданган полиция кызматкерлери бараткан унааны жардырган. Анын кесепетинен 45 күч кызматкери каза тапкан. Бул жардырууда Индия Пакистанды айыптоодо.

Жамму жана Кашмир аймагынын басымдуу жашоочуларын мусулмандар түзөт. Ошол себептүү Пакистан Кашмирди өз аймагына кошууга аракет кылууда деп Нью-Дели айтып келет.

Copyright © 2017 Maral FM