Connect with us

Баткенде дагы үйдөн өрт чыкты

Кыска кабар | 16 Фев 2019 | 1130 | 0

Кечээ, 15-февралда Баткен районунун Бужум айылында үй өрттөнүп, куткаруучулар 3 бөлмөсүн сактап калышты. Бул тууралуу ӨКМдин Баткен райондук жана шаардык бөлүмүнүн башчысы Туратбек Турдуев билдирди.

Маалыматка ылайык, аларга саат 18:00 чамасында айылдын тургуну Мурсалим Пазыловдун үйүнөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. 5 бөлмөлүү үйдөн чыккан өрт анын 2 бөлмөсүнүн 70-80% жараксыз абалга келтирди. Калган 3 бөлмөгө келе жаткан от өз учурунда токтотулду. Кырсык учурунда Куран китеп өрттөнбөй сакталып калды. Өрт электр энергиясынан чыгышы мүмкүн экендиги болжолдонуп жатат. Азыр келтирилген зыяндар учурда такталууда.

Быйылкы жыл башынан бери Баткен району жана Баткен шаарында 10 өрт кырсык катталган. Алардын кесепетинен жалпысынан 375479 сом чыгым келтирилген.

Copyright © 2017 Maral FM