Биз менен байланышыңыз

Рыскулов: Жеке менчик мектептер көп ийгилик жаратууда

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Фев 2019 | 1673 | 0

Билим берүү тармагында жеке менчик деген түшүнүктөн коркпоо керек. Мындай пикирди Бишкек шаарындагы «Акылтай» толук эмес жалпы билим берүү мектебинин директору Эмиль Рыскулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башында жеке менчик мектептерге кооптонуулар менен караган. Бирок жеке менчик билим берүү мекемелери жакшы жыйынтык берип жатканын дүйнөлүк практика көрсөттү.

-Кыргызстан боюнча  52 жогорку окуу жайлар бар. Алардын 31и мамлекеттик университет, 21и жеке менчик жогорку окуу жайлары. Төрт жүзгө жакын жеке менчик мектептер ачылды. Жеке менчик мектептерде жетишкендиктер көп болуп жатат. Мисалы, «Акылтай» мектебинде окууган балдар эрте менен сабакка сүйүнүп келишет. Кээде окуучулар менен диалог курганда алар мектептин сабагы, тамак-ашы, эркин болгонун жактырганын айтышат. Эң негизгиси балдарга жакшы шарт түзүлгөн.

Кошумчалай кетсек, «Акылтай» башталгыч мектеби Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемеси тарабынан 2014-жылы ачылган. Окуу ишмердиги Билим берүү жана илим министрлигинин бекиткен окуу программасынын негизинде жүргүзүлөт. 1-класстан баштап 6-класска чейин окуткан толук эмес жалпы билим берүүчү мектеп болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM