Connect with us

Эмне үчүн окуучулар баары эле ийгиликтүү боло бербейт?

Блог | 16 Янв 2020 | 1721 | 0

Ютуб видео хостингинде илим-билим жаатындагы изилдөөлөр жана так илимдер тууралуу сабактар серияларын жүктөгөн Khan Academy долбоорунун ээси азыркы замандагы экзамендер, сынактардын эмнеге негизделгени тууралуу пикирин жазды. Биз сиздерге анын кыргызча которулушун сунуштайбыз.

Азыркы замандагы мектептердин иштөө тартиби мажбур түрдө окутула турган сабактарга жана окуучулардан жогорку натыйжаларды талап кылган стандарттарга багытталган. Мунун баары “темирдей бекем тартип”, “максаттарды жогорулатуу” жана “дагы да оор стандарттарды” иштеп чыгуу деген түшүнүк менен негизделген.

Эми элестетип көрөлү, кийинки жылы дээрлик бардык окуучулар экзаменде жогорку бааларды алышты. Мындай абалга саясатчылардын, ишкерлердин жана ЖМК өкүлдөрүнүн реакциясы кандай болот деп ойлойсуз? Балким, алар өтө таң калуу менен “Азамат! Бул мугалимдердин тынымсыз жасаган эмгегинин натыйжасы”,-деши мүмкүнбү? Албетте, жок. Алар муну тест суроолорун өтө оңой түзүлгөн деп айтышат.

Бизде натыйжалардын өтө ылдам жакшырганына карата мамиле дайыма ушундай болуп келет. Мисал үчүн, 2009-жылы Нью-Йоркто болуп өткөн математика боюнча сынакта бардык окуучулар жогорку натыйжа көрсөткөн. Ошондо штаттын башкаруу кеңешинин төрагасы мындай деген эле: “Менин пикиримде окуучуларыбыздын бүгүнкү жетишкендиктерин майрамдагандын ордуна, Нью-Йорк штаты мындан ары өзү үчүн мындан да жогорку стандарттарды белгилеп алышы керек”.

Бул сөздүн адамды кабатырланта турган жагы, “жогорку станддарттар” деген сөздүн негизги мааниси “бардык окуучулардын бирдей натыйжаларга жетүүсүнө жол бербей турган стандарттар” дегенди туюнтуп жатат. Эгер бардык окуучулар бирдей болуп кала турган чакта, албетте кимдир бирөө экзаменден кулашы керек болот. Мына ошон үчүн ушундай “жогорку стандарттарды” ойлоп табышат.

Стандарттардын максаты – Окуучуну четте калтыруу эмес. Тескерисинче, буудайды самандан ажыратуу үчүн ойлоп табылган ыкма. Эми карап көрүңүз, жакыр үй-бүлөдөн чыккан, эне тили англисче болбогон окуучуларды саман сыяктуу ажыратып алуу азыркы билим берүү системасынын туура эмес экенин көрсөтүп жатат.

Бирок, биздин билим берүү мекемелерибиз кандайдыр бир топтун бардык мүчөлөрү бирдей ийгиликке жеткенде, ага күмөн саноо менен караганды үйрөткөн. Бул жерде “көз боемочулук” болгону тууралуу эч кандай далил болбосо да, күмөн саноо сезими баарыбызга сиңген. Америкада жогорку натыйжага жетишүү өтө кыйын деп саналат. Ийгилик жалаң саналуу адамдар жеткенде гана ийгилик деп эсептелет.

Менин мындай жыйынтыкка келишимдин себеби, салыштыруу. Тактап айтканда, натыйжалардын жакшырганына карабай, анын тең жарымы ортодон төмөн балл деп эсептелип, бул ийгиликсиздик деп бааланат.

Нью-Жерси коллежинде иштеген философ Ричард Камбер мындай дейт: “Эгер баалар кандайдыр бир мааниге ээ болсо, анда ал баа ошондой ийгиликке жеткириши керек”.

Башкача айтканда, баа кимдин жеңгенин же алдыда кетип жатканын көрсөтүп туруусу зарыл. Бирок, окуучулар окууга кирүү экзаменинен өттү дейли, эмне өзгөрдү? Алар кайра эле сынактарга кирип, кайра эле эң күчтүүлөрү “тандалат” же алдыга чыгат. Мындай жагдайда, билим берүү мекемелеринин негизги милдети билим берүүбү же дайыма кимдир бирөөнү “утулууга” мажбур кылган жайбы?

Муну кандай карап көрсөк деле, эч кайсы түшүнүккө дал келбейт. Анда келиңиз, абанын булганышы, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагынын иштегенине карап, штат же аймактарга бөлүп баа коюп чыгалы. Бирок мындан эмне пайда? Бири-бирине салыштыруу менен биз керектүү натыйжаны ала албайбыз. Себеби ага коюлган өлчөө же критерийлерди иштеп чыкканга жараша уялтыра турган даражада төмөн же таң калдыра турган даражада жогорку балл болушу мүмкүн. Анан калса салыштыруу бир гана жеңүүчүгө сыймыктануу сезимин берет. (“Биз 1-орундабыз”). Мындай нерсе айрым адамдардын өзүнүн дайыма ийгиликсиз экенине ишендирген жалган иллюзияны жаратат.

Бирок, ошого карабай, биз салыштырып баа бергенди жакшы көрөбүз. Мындан да жаманы – айрымдар жете албаган жарыштардын ар түрдүүсүн ойлоп табабыз.

Албетте, атаандаштык шартында жогорку натыйжа көрсөткөндөр көп. Бирок бул тажрыйбада же жашоодо да сизди ийгиликтүү кылат дегенге кепилдик жок. Айрым изилдөөчүлөрдүн айтымында, атаандаштык адамдын потенциалын азайтып, көңүлдү өнүгүүгө эмес, башкалардан озуп кетүүгө буруп кетүүдө.

Бир сөз менен айтканда, баары эле чоң ийгиликтерге жетпеген болушу мүмкүн, бирок баары ийгиликтүү боло алат.

Copyright © 2017 Maral FM