Биз менен байланышыңыз

«Сапат» мекемеси кошумча макамга ээ болду

Кыска кабар | 10 Сен 2019 | 1019 | 0

Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемеси Кыргызстанда жана Борбордук Азияда Оксфорддук сынактарды кабыл алуу боюнча расмий тест-борбору деген макамга ээ болду. Бул тууралуу мекеменин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, эми окуучулар менен мугалимдер англис тили боюнча Оксфорддук сынактарды эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинде тапшыра алышат.

Айтак кетсек, англис тили боюнча Оксфорддук тест (Oxford Test of English) Oxford University Press басмаканасы тарабынан иштелип чыккан. Ал — тилдер боюнча жалпы европалык багыттарга шайкеш келүүчү англис тилин билүүнүн деңгээлин аныктооочу сынак.

Copyright © 2017 Maral FM