Биз менен байланышыңыз

Ормон уулу: «Сапат» кыргыздын баалуулугу, аны коргоп алышыбыз керек

Кыска кабар , Пикирлер | 15 мая 2019 | 599 | 0

Саясат талдоочу Искендер Ормон уулу «Марал» радиосуна берген маегинде «Сапат» лицейлери кыргыз балдарынын өсүшүнө, алардын дүйнөлүк аренага чыгуусуна шарт түзгөнүн билдирди.

«Бизде билим берүүгө аракет кылган мекемеге неге каршы чыгышыбыз керек? Билим берүү тармагын саясатташтырбоо зарыл. «Сапат» мектептери кыргыздын баалуулугу, аны коргоп алышыбыз зарыл. «Сапат» мамлекетке кайтарымсыз кылып өткөн. Мекеме стандарттардын негизинде иштеп жатат», — дейт Ормон уулу.

Белгилей кетсек, эл аралык «Сапат» билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1992-жылдан бери ишмердүүлүгүн улантып келет.

Ал эми 1996-жылдан бери лицейлерди 13 миңден ашуун окуучу бүтүргөн. Алардын арасында Google, Samsung, Microsoft, Coinbase, Deloitte сыяктуу дүйнөлүк жана эл аралык ири компанияларда иштеп жаткандары бар.

Copyright © 2017 Maral FM