Биз менен байланышыңыз

Тунистин тажрыйбасы Кыргызстанга мисал боло алабы? (серепчинин пикири)

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Окт 2020 | 1348 | 0

Саясат талдоочу Искендер Ормон уулу: «Кыргызстанды араб өлкөлөрүнө салыштырууга болбойт», — деп эсептейт. Анын айтымында, ар бир мамлекеттин өзүнүн баалуулуктары, калкынын саясий маданияты ар башка. Бул тууралуу «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Мисалы Борбор Азиянын саясий маданияты башкалардан өзгөчөлөнүп турса, анын ичинде Кыргызстандын саясий маданияты да такыр башка. Албетте, айрым маселелерде саясат таануу илиминде көрсөтүлгөн эрежелер менен дал келиши мүмкүн, бирок биздин өлкөдө саясий маданият толук өнүгө элек. Бул жолу үчүнчү ирет төңкөрүш болду дегенибиз менен, үчөөнүн мотиви үч башка. Айрыкча, үчүнчү төңкөрүш же окуя дейбизби, мамлекетти саясий кризиске кептеди», — деди серепчи.

Искендер Ормон уулунун пикиринде, эл аралык тажрыйба боюнча өнүккөн өлкөлөрдө мындай кырдаал иштеп турган мыйзамга таянып, бат чечилген учурлар өтө көп. Ал эми өнүкпөгөн, экономикалык жактан жакыр өлкөлөрдө мамлекет чаржайыт абалга кептелген учурлар да жок эмес.

«Учурда Кыргызстанда абал дагы да курчуйт дегенден алысмын. Бирок, мунасага эртерээк келүү зарыл. Мисалы 2010-жылдагы «араб жазында» Тунисте да төңкөрүш болгон. Анда өлкө ичиндеги исламчылдар, солчулдар, либералдар жана улутчулардын тирешүүсү өтө катуу болгон. Бирок алардын баарынын максаты мамлекеттүүлүктү сактап калуу болгондуктан, тараптардын орток катышуусу менен утурумдук өкмөт түзүлүп, андан соң жаңы Башмыйзам жазылган. «Менин гана айтканым болот», — дегенден алыс болуп, консенсуска келишкен. Ошонун негизинде төрт чоң саясий күчтүн лидерлери өлкөнү саясий кризистен консенсуска баруу менен алып чыккандыгы үчүн, Нобелдин Тынчтык сыйлыгына татышкан».

Жакынкы Чыгыш таануучу Искендер Ормон уулу Кыргызстанда да «Менин гана пикирим туура», — дегенден алыс болуп, бардык саясий топтор менен орток бир пикирге келүү керектигин, ал үчүн Кыргызстандын баш мыйзамында жазылгандарды так аткарса гана жетиштүү экенин айтат.

Буга чейин бизге эл аралык маселелер боюнча серепчи, конфликтолог Азамат Темиркулов да «Кыргызстандагыдай кырдаал эл аралык практикада кандай чечилген?» деген суроого жооп берген. Пикирин төмөнкү шилтеме аркылуу окуй аласыздар:

Эксперт: Кыргызстанда жарандык согуш чыгып кетүү коркунучу жок

 

Copyright © 2017 Maral FM