Биз менен байланышыңыз

Ормон уулу: Биз Муфтиятты колдошубуз керек

Кыска кабар , Пикирлер | 15 мая 2019 | 608 | 0

Коомдук алешемдиктер менен муфтий Максат ажы Токтомушевди четке чыгарып койбоо зарыл. Бул тууралуу саясат талдоочу Искендер Ормон уулу «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Биз Муфтиятты колдошубуз керек. Алар таза, аруу сезим менен ооз ачар уюштурган. Муфтий улуу башы менен элчинин алдына барып «келиңиз» дегени — улуулук. Биз аны ошонусу үчүн да сыйлашыбыз керек», — дейт Ормон уулу.

Анын айтымында, Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фыраттын нааразычылыгы боюнча Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөлөрү да мамлекеттин саясатын карап, ТИМдин билдирүүсүн күтүп, аяр мамиле кылып жаткан болушу мүмкүн. Аны түшүнүү менен кароого болот.

Ормон уулунун баамында, Женгиз Камил Фырат эл көзүнө таасири күчтүү экенин белгилөө максатында эле, «презиентке айтам» деп койгон.

«Кайсы өлкөнүн президентине болбосун, ага байланышуунун эрежелери бар. Элчинин аракети эл көзүнө көрүнүү максатында жасалган кадам», — дейт саясат талдоочу.

Эске салсак, 12-майда Женгиз Камил Фыраттын Кыргызстан Мусулмандар Дин башкармалыгына нааразы болгон тасмасы интернетке тараган. Андагы «Түркия 35 млн. долларлык мечит салып берсе, бизге жасаган мамилеңер ушулбу?» — деген сөздөр коомчулукта резонанс жаратууда.

Copyright © 2017 Maral FM