Биз менен байланышыңыз

«Төрүңө өтүп баратып, кесеңди тээп кетсе, унчукпай турууга болбойт»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 мая 2019 | 699 | 0

Саясат талдоочу Искендер Ормон уулу «Марал» радиосуна берип жатып,  Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фыраттын нааразычылыгы боюнча төмөнкүлөгө токтолду.

«Төрүңө өтүп баратып, кесеңди тээп кетсе, унчукпай турууга болбойт. Бул элдик диплиматияда «урдум сага» деген мамиле. Мындан сырткары, элчи террорист деген адам —  Кыргызстандын жараны. Ал өткөөл убакта алыс аймактарга инвестиция кыла албай жатканда, агартуу, билим берүү тармагына кызмат кылган. Акыры келип Кыргызстандын атуулу болгон жаранды эмнеге бандит, жанкечтиге теңейбиз? Бул жерде элчи аяр мамиле кылышы керек. Анын чуусу дипломатияга туура келбей калды. Түркия менен дос өлкө болсок, мамиле жакшырып калган учурда, болгондо до Орозо айында мусулмандардын лидери муфтий Максатбек ажы Токтомушевге болгон мамилеси, эң опурталдуусу 35 млн. долларга мечит салганын милдет кылуусу, динди саясат айдыңына чыгаруусу улуттун, диний өкүлдөрдүн сезимине ойной турган окуя болду», — дейт Ормон уулу.

Ал ошол эле учурда, мечит коркутуу үчүн эмес, Алланын ыраазычылыгы үчүн куруларын айтып, ал өзгөчө статустагы белек экенин белгиледи.

«Мечитттер түрк атуулдардын жардамы менен курулду. Ар кимиси келип, мен ушуну курдум дей берсе кандай болот? Мындай маселелерге аяр мамиле жасоону талап кылуу зарыл. Интернетке тараган видео боюнча Түркиядагы интеллигенция, серепчилер пикирин билдирди. Алар кыргыздар тууралуу терс ойдо эмес, көпчүлүгү «Боордош элге курган мечитти эмнеге милдет кылат?» — деп жазган», — дейт саясат талдоочу.

Эске салсак, 12-майда Женгиз Камил Фыраттын Кыргызстан Мусулмандар Дин башкармалыгына нааразы болгон тасмасы интернетке тараган. Андагы «Түркия 35 млн. долларлык мечит салып берсе, бизге жасаган мамилеңер ушулбу?» — деген сөздөр коомчулукта резонанс жаратууда.

Copyright © 2017 Maral FM