Түрк мамлекеттери менен жамааттар арасындагы достук, бир туугандык жана кызматташтык фонду (TÜDEV) расмий баракчасына
«Кыргыз боордоштордун ызасы» аталышында макала жарыялады. Анда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыраттын тегерегиндеги окуяларга баа берилген.
Макаланын толук варианты
Акыркы айларда Түркия менен бир тууган өлкө Кыргызстандын отосунда керексиз жана жагымсыз окуя болду. Биринчиси 2019-жылдын 12-май күнү Бишкек шаарында Кыргызстан Мусулмандар Дин башкармалыгы уюштурган ооз ачыруу иш-чарасы болуп өттү. Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат коноктордун арасында Түркия террористтик деп атап алган уюмдун өкүлү Орхан Инанды да болгондуктан ич-чарага катышпай кетип калган.
Чыгып баратып муфтийге кайрылып: “Биз сага 35 млн долларга мечит салып берсек, а сен болсо мени террорист менен бир орунга коюп жатасың. Бул жерге ФЕТО террордук уюмунун башчысын кантип чакырасыңар? Орозо айындабыз, болмок беле? Же Түркияны же террористтик уюмду тандайсыңар. Мен үчүн мындан ары муфтият жок, баары бүттү! Түркия менен террористти бир орунга коюп жатасыңар… Ал адам мусулман эмес. Мен азыр президентке айтам”, — деп Кыргызстандын кызмат адамдарын ыңгайсыз абалга калтырган.
Бул окуя ЖМКларда да, коомчулукта да катуу талкуу жаратты. Билдирүүлөрдүн басымдуу бөлүгү курч болду. “Мечитиңди алып, чыгып кет. Өлкөдө мечиттер жетиштүү. Бизге мечит эмес, мектеп керек, китеп керек… мечитиңди бузуп алып кет»,-дегендей катуу пикирлер айтылган. Ал эми кыргыз бийлиги окуяны ырбатпоо үчүн үн каткан эмес.
Экинчи окуя 5-июнь күнү Сокулук районунун Орок айылында тургундарынын ортосунда чыр-чатак чыккан. Окуя болгон жерге Женгиз Камил Фырат да барган. Ал элчиликте иштеген кызматкерди куткаруу максатында келгенин айткан. Ал эми кыргыз бийлиги Женгиз Камил Фыраттын бул аракетин Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүү катары баалаган. Мындан улам 6-июнда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Камил Фыратты чакырып, нота тапшырган.
Белгелей кетсек, Женгиз Камил Фыраттын аракеттери эл аралык укук жана эрежелерге дал келбейт. Ал окуя боюнча жардам сурап же аткара турган иштери үчүн кыргыз бийлигинен уруксат алуусу керек болчу. Элчинин катардагы (жөнөкөй) чырдын бир бөлүгүнө айлануусу өз өлкөсүнүн (Түркия) аброю жана имиджи үчүн да туура эмес. Түркиянын бир тууган түрк өлкөлөрдөгү элчилери дагы да маани берип, сый-урмат көрсөтүшү кажет. Будапешт, Париж, Римде жасалбаган мамилелер дос жана бир тууган өлкөлөрдө да жасалбашы керек. Мүмкүн болсо, аяр мамиле кылуу зарыл. Айрым ЖМКлар окуяны бир жактуу чагылдырып, эки өлкө ортосунда орун алган окуялар боюнча кыргыз бийлигин сынга алган.
Адамдар табиятынан күнөөнү моюндабайт. Эч ким күнөөлүү болгусу келбейт. Бирок эки бир тууган өлкө ортосунда орун алган бул окуялардан сабак алуу эң жакшы чечим болот. Жараткан миң жылдан кийин түпкү теги бир, бир тууган улуттарды кайрадан жолуктурду. Азыркы жана келечектеги сезимсиз башкаруучулардын түрк элдеринин арасындагы терең жана күчтүү байланышты үзүүсү мүмкүн эмес. Бирок анын бузулуусуна да уруксат берилбеши керек. Ансыз да түрк элдеринин достук, бир туугандык жана кызматташтыгы үчүн иш алып барган TÜDEV фондунун бул макаласынын максаты да ошол.
Эске салсак, Орок айлындагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Жеңгиз Камил Фыратка нота тапшырган. Ага жооп катары Анкара да Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевге нота берилген.