Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Наристени сатууга аракет кылган аял кармалды (видео)

Кыска кабар | 10 Ноя 2021 | 469 | 0

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгына Жалал-Абад шаарынын тургуну документ жасап иштей турганы боюнча маалымат түшкөн.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине Жазык кодексинин 359-беренеси менен катталып, тергөө, иликтөө иштери башталган.

Анын алкагында «Ж» аттуу жаран (аял киши) жаңы туулган ымыркайды сатуу үчүн мыйзамсыз документ даярдап жатканы аныкталган.

Алынган маалыматтын негизинде атайын операция уюштурулуп, ИИМдин кызматкерлери сатып алуучу катары сүйлөшүп, 40 миң сом өлчөмүндө акча берип жатып, жогоруда аталган жаранды кармашкан.

Ал эми жаңы төрөлгөн наристе Жалал-Абад облусунун балдарды коргоо бөлүмүнүн адистерине өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары аталган факты Жазык кодексинин 171-беренесине (адам сатуу) алмаштырылды.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM