«Эл аралык тажрыйба боюнча айрым мамлекеттерде төңкөрүштөн кийин жарандык согуш чыгып кеткен учурлар көп. Бирок, биздин Кыргызстандын мисалында азыр андай коркунуч жок». Мындай пикирин саясат талдоочу, конфликтолог Азамат Темиркулов «Маралга» берген маегинде айтты.
Анын пикиринде, азыр Кыргызстанда кырдаал курч. Бул жерде үчүнчү күчтөр же башка өлкөлөр атайын кызматтары аркылуу абалга өз таасирин тийгизүүгө аракет кылышы мүмкүн. Бирок, жарандык согуш чыгып кетет деген чочулоого негиз жок.
«Биринчиден, азыркы кырдаалда саясий элитанын тиреши болуп жатат. Ал эми элдин арасында андай тирешүү жок. Буга мисал, пандемия учурунда кыргыз эли биримдигин көрсөтө алды. Ошондой эле кыргыздар ыкчам мобилизация болууга даяр калк. 2005-2010-жылдагы тажрыйбада деле, элдик кошуундар элге жардам берип, эл өзүн-өзү коргоп алган. Мындан улам кыргызстандыктарда ущундай өзгөчө кырдаалдар үчүн иммунитет пайда болду.
Экинчиден, биздин элдин арасында идеологиялык кагылышуу жок. Мисалы, Тажикстандагы жарандык согушта бир тарап коммунисттерди колдосо, экинчи тарап исламчыларды колдоп чыккан. Бизде андай жагдай жок. Тескерисинче, эл азыркы саясий элитанын баарына каршы болуп жатат. Мындан улам, кандайдыр бир саясатчыны баары ээрчип кетет дегенден алысмын. Саясий туруксуздук канча убакытка созулат, мен айта албайм. Бирок, жарандык кагылышуусуз эле кайра мыйзамдуу талаага кайтып келебиз деп ишенем» — деген пикирин айтып өттү.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча митинг болуп, аягында митингчилер Ак үйдү басып алган. Бул окуяны жарандык коом «Үмүт революциясы» деп атоону сунуштаган. Ал эми саясий топтордун бийликке умтулуусу өлкөнү жарандык согушка жеткирет деген тынчсыздануулар айтылган. Ошондой эле Кыргызстанда Сириядагыдай абал кайталануусу мүмкүн деген пикирлер да жок эмес.