Өлкөдө коррупция менен күрөш жеткиликтүү түрдө болбой жатат. Мындай пикирин саясат таануучу Азамат Темиркулов тегерек үстөлдүн жүрүшүндө айтты. Анын айтымында, коррупцияны түп тамыры менен жок кылуу үчүн күрөшүп жатабыз дегендердин өздөрүнүн бул системага эч кандай тиешеси жок болушу керек. «Кыргызстанда коррупция Акаевдин учурунда башталып, Бакиедин учурунда күч алып, Атамбаевдин мезгилинде туу чокуга жеткен», — дейт Темиркулов.
— Күрөштүн да ар кандай деңгээли болот. Анын кандай таризде жүрүп жатканы — өзүнчө маселе. Албетте, кандайдыр бир деңгээлде иштер бар. Аны тана албайбыз. Коррупционерлерди камап жатышат. Бирок жетиштүү деңгээлге жете элек. Эсиңерде болсо, буга чейин саясий коррупциянын кесепетинен өлкөдө эки жолу революция болду. Чыныгы күрөш ошол саясий коррупцияга багытталышы керек. Эң оболу күрөшө турган кишилер өздөрү баткакка малынбаган, жемкорлукка тиешеси жок жаңы саясий элита болуусу зарыл.
«Эгемендүүлүк алгандан бери коомдун «оорусуна» айланган бул көрүнүштү системалуу күрөш гана жок кыла алат», — дейт саясат таануучу Алмаз Тажыбай. Анткени, саясий элита 28 жылдан бери өзүнүн кызматынан пайдаланып уурдап келген.
— Бизде көп жылдар бою мыйзамга баш ийген эмес. Укук коргоо органдары мыйзамды эмес, бирөөнүн тапшырмасын аткарып келишкен. Бул система коррупциянын тамыр алышына себеп болгон. Ошондуктан, азыркы бийлик 28 жылдан бери уурдап келген система менен күрөшүшү зарыл.
Деген менен саясат таануучу Марат Казакпаевдин пикиринде, өлкөдө башка коңшулаш мамлекеттерге салыштырмалуу коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатат. Өзгөчө жалпыга маалымдоо каражаттарына резонанс жараткан окуялардын чыгып жатышы — жакшы көрүнүш. Бирок айрым учурда ошол ЖМК аркылуу берилип жаткан маалыматтарда фактылар аз болуп жатканын айтат.
— Ачыгын айтканда, кандайдыр бир деңгээлде коррупцияга каршы күрөш болуп жатат. Журналисттер айтып чыгып, серепчилер пикирлерин билдирип жатканы — жакшы көрүнүш. Бирок бул учурда бир нерсени эске алуу керек. Коррупционер деп бирөөнү атоодо фактыга таянуу керек. Албетте, фактыны эң оболу укук коргоо органдары таап чыгышы зарыл. Бул жактан алып караганда, кеч калган учурлары бар.
Ошондуктан, мындай учурда коррупция менен күрөш багытында материалдарды жасап, ЖМКга чагылдырып жаткан журналисттердин кимдир бирөөнүн куралы болуп калуу коркунучу бар экенин эскерткендер да бар. Саясат талдоочу Марс Сариев өзгөчө акыркы кезде коомчулукта резонанс жаратып жаткан «Азаттыктын» иликтөөсү жана андан кийинки 5-каналдын иликтөөсүнө кайрылып, «Айрым фактылардын так айтылбаганынын таасири сырткы жана ички күчтөрдүн пайдасына чечилип калышы мүмкүн», — дейт.
— Айрым учурда журналисттер өздөрү да курал болуп жатканын билбей калышы мүмкүн. Бир фактыны айтып жатканда тактоо керек. Антпесе, ал кызыкдар тараптардын пайдасына иштеп кетиши мүмкүн. Мындай учурлар өлкөнүн саясатына да таасирин тийгизет.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан 2018-жылы коррупция индекси боюнча 180 өлкөнүн ичинен 135 орунга чыккан.