Жашыл экономика — экономиканын айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизбеген түрү. Андыктан Кыргызстан дагы экономиканын бул түрүнө өтүшү зарыл. Мындай пикирин көз карандысыз эксперт Азамат Темиркулов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Жашыл экономикага өтүүдө өлкө Батыштын тажрыйбасын көчүрүп келсе болбойт. Кыргызстан өзүнүн табиятына ылайыктуу ыкманы тандап алышы керек.
Маалыматка ылайык, өнүккөн өлкөлөр Жер планетасы боюнча табиятка эң көп терс таасир тийгизет. Жалпы 180 өлкөнүн ичинен Казакстан бул тизмеде 23 -орунда турса, Кыргызстан 136-орунду ээлейт.
— Демек, Казакстан бизге караганда айлана-чөйрөгө 40 эсеге көп зыян келтирет. Мунун себеби бизде ири завод, фабрикалалар жок. «Кыргызстан жашыл экономиканы кайда иштетсе болот?»- деген суроо туулат. Алсак, Казакстан жашыл технологияларды машина куруу, газ чыгаруу сыяктуу оор өнөр жай тармагына пайдаланат. КР башка өлкөлөргө окшош эмес. Биздин аймак тоолуу болгондуктан, биринчи кезекте мал чарбасын «Жашыл экономикага» өткөрүшүбүз керек.
Темиркуловдун пикиринде, өлкөдө мыйзамдардын көпчүлүгү мал чарбачылыгына ылайыкталып жазылган.
— Мисалы, жайыттарга бак-дарактарды отургузса болбойт деген мыйзам бар. Жайыт жерлердин 60%дан ашууну деградация болуп бүттү. Малдар токойлорго кирип, жаңы өсүп жаткан көчөттөрдү тебелеп жок кылып жатат. Муну менен токойлордун аянты кыскарып баратат.
Эксперт маалымдагандай, дүйнөлүк стандарт боюнча өлкө аянтынын 10 пайызын токойлор түзүшү керек. Андыктан Кыргызстандын токойлорун дагы 2 эсеге көбөйтүү зарыл экенин белгилейт.
— Токой жаныбарларды, мөңгүлөрдү, абадагы нымдуулукту сактайт. Илимпоздор Кыргызстан мөңгүлөрдүн 80%ын жоготуп алышы ыктымал экенин белгилешүүдө. Мындай болсо саясаттын, «Жашыл экономиканын» эч кимге кереги жок болуп калат. Ошондуктан мал чарбасын туура жолго салып токойлорду сактап калыш керек. Ал үчүн малдардын асыл тукумун алып келип, санга эмес, сапатка иштөө зарыл.
Темиркулов билдиргендей, Жашыл Климаттык Фондго ири суммадагы каражат түшүп турат. Ал акчалар Кыргызстан сыяктуу өнүгүп жаткан өлкөлөргө жашылдандыруу иштери үчүн гранттык түрдө берилет.
— Мындай фонддор көп. Ушул сыяктуу каражаттарды пайдалануу менен бак-дарактарды отургузсак, глобалдык жылуулукка каршы салымыбызды кошкон болобуз. Жашыл экономика келечек муундардын муктаждыктарын эске алуу менен өнүгүүнүн жолу. Туризм дагы аталган экономиканын бир багыты.