Биз менен байланышыңыз

«Сапатта» баардык катмардагы үй-бүлөлөрдүн балдары окуйт

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Фев 2019 | 853 | 0

«Сапат» билим берүү мекемелеринде калктын ар түрдүү социалдык катмарындагы үй-бүлөлөрдүн балдары окуйт. Бул боюнча акыркы эки айда жүргүзүлгөн изилдөөдө аныкталды. Анткени буга чейин «Сапатта» жалаң колунда бар үй-бүлөлөрдүн балдары гана окуйт деген маалыматтар айтылып келген. Бул тууралуу «Сапат» билим берүү мекемесинин директорунун орун басары Амирбек Султанмуратов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, аталган окуу мекемелеринин иштеп жатканына 27 жыл болду. Учурда билим берүү тармагынын өнүгүүсүнө үзүрлүү ийгиликтерди алып келүүдө. Бүгүнкү күндө лицейлерде тоолуу аймактардан, алыскы райондордон, көп балалуу үй-бүлөлөрдөн келген жана ата-энеси жок балдардын саны көп.

-Лицейлерде окууган окуучулардын 45 пайызы бай эмес, мамлекеттен айлык алып иштеген орто класстагы үй-бүлөлөрдүн балдары. Мындай көрсөткүч «Сапаттын» алыскы аймактагы филиалдарында көбүрөөк. Тагыраагы, 60 пайызга жетет экен. Айтсак, ата-энеси сыртта эмгек мигратты болуп жүргөндөр, ата-энесинин бирөөсү каза болуп калгандар же ажырашып кеткен үй-бүлөлөрдүн балдары окуп жатканы белгилүү болду. Бул Кадамжай, Нарын облусундагы лицейлерде көбүрөөк байкалды.

Амирбек Султанмуратов кошумчалагандай, «Сапат» окуу мекемелеринде төлөмдөр да аймактардын өзгөчөлүгүн жараша ар түрдүү эсептелет. Маселен, Бишкек шаарында бир окуучуга 3 миң доллардын тегерегинде төлөм талап кылынат. Ал эми өлкөнүн облустарындагы лицейлерде 1600-1800 доллардын тегерегинде төлөнөт.

Copyright © 2017 Maral FM