Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков: Жаштарды тез өзгөрүлүп турган турмушка даярдоо абзел

Кыска кабар | 8 Июл 2019 | 1861 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүтүрүүчүлөргө «Алтын сертификат» тапшырып жатып, жаштарды тез өзгөрүлүп турган, динамикалуу турмушка даярдоо абзел деп белгиледи.

Өз сөзүндө өлкө башчысы жаӊы технологиялар дүйнө экономикасынын жүзүн өзгөртүп, таптакыр жаӊы билимдердин жана жөндөмдөрдүн зарылдыгын жаратканын айтты.

«Бардык чөйрөгө санарип технологиянын кириши — эмгек ресурстарына жаӊы талаптарды коюуда. Бүгүн экономика, медицина, билим алуу, башкаруу чөйрөлөрүнө санарип технологиялары тереӊ кирип, бул кесиптердин табиятын өзгөртүүдө.

Бул талаптар — жаш муундардын өз алдынча тынымсыз өнүгүүгө умтулуусун шарттайт.

Ошондуктан, мамлекеттин жана коомдун инновациялык өнүгүүсүн камсыздоого жөндөмдүү адамдык потенциалды өнүктүрүү милдети жаралды», — дейт президент.

Буга жетүү үчүн инновациялык билим берүүгө өтүү зарылдыгы келип чыкканын айткан өлкө башчысы келечекте ушул максаттарга жетүүгө чакырды.

 

Copyright © 2017 Maral FM